"CASA-1000": Датка - Сугд 500 кВ электр аба чубалгысы толук аяктады

Экономика 1694 31 Март 2025 12:50
487850500_18059293553476120_8698401524712491322_n.jpg
487034580_18059293493476120_8452267472894317587_n.jpg
487106548_18059293541476120_4033736116535517848_n.jpg
487326341_18059293484476120_6258636164870911628_n.jpg
487565045_18059293511476120_7426431991056665527_n.jpg
487715997_18059293529476120_3261004857284241545_n.jpg
487811957_18059293577476120_5127898315640908751_n.jpg
487954143_18059293565476120_4567002792713053333_n.jpg
488226212_18059293520476120_620397659457573251_n.jpg
Алдыга
Артка
487850500_18059293553476120_8698401524712491322_n.jpg
487034580_18059293493476120_8452267472894317587_n.jpg
487106548_18059293541476120_4033736116535517848_n.jpg
487326341_18059293484476120_6258636164870911628_n.jpg
487565045_18059293511476120_7426431991056665527_n.jpg
487715997_18059293529476120_3261004857284241545_n.jpg
487811957_18059293577476120_5127898315640908751_n.jpg
487954143_18059293565476120_4567002792713053333_n.jpg
488226212_18059293520476120_620397659457573251_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Бүгүн жалпы узундугу 485 чакырымды түзгөн Датка - Сугд 500кВ аба чубалгысы курулуп бүтүп, тестирлик чыңалуу ийгиликтүү берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба чубалгысы CASA-1000 – Борбор жана Түштүк Азиядагы ири энергетикалык инфраструктураны куруу боюнча эл аралык долбоордун алкагында курулду.

Датка-Сугд 500 кВ аба чубалгысын ишке киргизүү аземине Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери, эки өлкөнүн энергетика министрлери, энергетиктери жана куруучулар катышты.

Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталып, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзөт. Ал эми Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө аталган долбоордун ишке ашырылышы кыргыз энергетикасынын өнүгүшүнө карай багыт алган ири кадамдардын бири экенин билдирди.

"Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысынын ишке кирүүсү эки өлкө үчүн чоң жетишкендик. Аталган долбоор толугу менен ишке ашканда кыргыз энергетикасынын өнүгүүсүнө карай багыт алган жолдордун бири болот десек жаңылышпайм. Себеби, келечекте биз бул линия менен Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.

Маалыматат үчүн: Датка-Сугд аба чубалгысынын жалпы узундугу 485 чакырымды түзсө, анын 456 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Датка-Сугд аба чубалгысы Датка көмөк чордонунда атайын курулган 500 кВ уячадан баштап Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин 1243 тирөөч орнотулган.

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК ишке ашырды, ал эми куруу иштерин эл аралык тендердин жыйынтыгында тандалган подрядчы MİTAŞ түрк компаниясы аткарды.

CASA-1000 долбоорунун алкагындагы Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору (ЖЖКД) Кыргызстандын жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 77 калктуу конушту (36 айыл аймакты жана 5 шаарды) камтыды.

Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун жалпы каржылоо суммасы 11 млн долларды түзүп, анын алкагында электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келе турган объектилерди каржылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылды.

CASA-1000 долбоору төрт мамлекетти камтыйт. Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан тарабынан ишке ашырылып жатат.