Былтыр Өзбекстанда көзөмөлдөнбөгөн экономика дээрлик 40 млрд долларга жеткен

Борбор Азия Загрузка... 11 Февраль 2025 09:30
p_11.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 11.02.25. /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. 2024-жылдын аягына карата Өзбекстандын көзөмөлдөнбөгөн экономикасынын көлөмү 505 трлн сумдан ашты, деп билдирет өлкөнүн Статистика агенттиги.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр Өзбекстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 6,5%га өсүп, 1,45 трлн сумду (дээрлик 115 млрд доллар) түзгөн.

Көзөмөлдөнбөгөн экономиканын дүң кошумча наркы 505,65 трлн сумду (дээрлик 40 млрд доллар) түзүп, анын ИДПдагы үлүшү 34,8%га жетти. Башкача айтканда, өлкөнүн бардык экономикасынын 1/3 бөлүгү расмий статистиканын көзөмөлүнөн сыртта калууда жана бул атайылап жашырылган иш-аракеттерди гана эмес, бейрасмий иш менен камсыз кылууну да камтыйт.

Көзөмөлдөнбөгөн экономиканын үлүшү айыл, токой жана балык чарбасында (63,6%) кыйла жогору. Андан кийин курулуш (41,3%), кызмат көрсөтүү (40,1%)жана өнөр жай (8,9%) түрат.

2023-жылдын сентябрында көмүскө экономиканын көлөмү эксперттер тарабынан 32 миллиард долларга (ИДПнын 40%га жакыны) бааланган. Ал негизинен экинчи турак жай жана унаа базарында, айыл чарбасы, формалдуу болбогон соода жана тейлөө алкактарында кенен таралган.

Маалымат үчүн: Көзөмөлдөнбөгөн экономика - бул расмий статистика толук эсепке ала албаган экономиканын бөлүгү. Ал формалдуу эмес жана көмүскө экономиканы да камтыйт.

Бейформал экономика – бул адамдар каттоосуз көрсөткөн чакан бизнес жана кызмат көрсөтүүлөр. Мисалы, үй шартында кийим оңдоо, лицензиясыз такси кызматы же расмий уруксатсыз майда-барат сатуу.

Көмүскө экономика – бул мамлекеттен жашырылган мыйзамдуу иш. Мисалы, ишкерлер салыкты аз төлөш үчүн кирешесинин бир бөлүгүн ачык көрсөтпөйт, жумушчуларга иш акысы конверт менен төлөнөт.