Бишкек, 28.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Былтыр STEAM багытындагы мугалимдердин маянасы 80%дан дээрлик 100% га чейин жогорулады. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөдө 3 миңге жакын мугалим жетишпей келсе, маянанын көтөрүлүшү менен соңку жылдары алардын саны 2,5 эсеге чейин түштү.
“Мындан сырткары, мугалимдик кесипти тандаган студенттердин стипендиясы дагы көтөрүлдү. Мисалы, биринчи жылы миң сом ала турган болсо, ал көтөрүлүп отуруп, 4-курста 4 миң сомго жетет. Мына ушундай тузүлгөн жакшы шарттардын аркасында, педагогикалык кесипти тандагы студенттердин саны дагы өстү. Ошондой эле буга чейин педагогикалып кесипке тапшырууда, жалпы республикалык тестирлөөнүн босого балы 110 болуп келсе, биз аны былтыр 120 бал кылып көтөрдүк. Быйыл дагы босого бал көтөрүлүшү ыктымал. Эмне үчүн? Себеби, мугалимдин билим сапаты көтөрүлмөйүн билим сапаты да көтөрүлбөйт”, -деди ал.
Ал билдиргендей, мындан сырткары мугалимдердин билим сапатын көтөрүү, кесипкөйлүгүн арттыруу, аны менен катар санариптештирүү мезгилинде интернетке кол жетимдүү кылуу үчүн, ошондой эле мугалимдерге стимул берүү максатында аларга ноутбуктар да берилип жатат.
“Караколдун мугалимдерине ноутбуктардын алгачкы партиялары тапшырылды. Жакынкы күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарынын мугалимдерине берилет”,-деди ал.