Былтыр Кыргызстанда 160 миңден ашуун ММК полиси 474,9 млн сомго сатылган

Ден соолук Загрузка... 05 Февраль 2025 17:53
IMG_1684.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстанда 160 миңден ашуун жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин 474,9 млн сомго сатып алышкан.

Фонддон билдиришкендей, 2023-жылга чейин өлкөдө медициналык камсыздандыруу ыктыярдуу болгон, бул калктын полис менен аз камтылышына алып келген. 2023-жылы болгону 3 миң 435 полис 6,6 млн сом суммасына, ал эми 2022-жылы 7 миң 132 полис 16,5 млн сом суммасына сатылган.

Белгилей кетсек, 2023-жылы “Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен бардык камсыздандырылбаган жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк студенттер жана жарандар ММК полисин алууга милдеттүү болгон.

2023-жылы полистердин сатылуусу 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик он эсеге көбөйүп, бюджетке 160,6 млн сом түшкөн.

Эске салсак, өлкө боюнча миңден ашуун эл менен жолугушуулар уюштурулуп, ММК полисинин артыкчылыктарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун киргизилиши саламаттык сактоо системасын каржылоону кыйла көбөйттү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жакшыртылды”,-деп айтылат маалыматта.