Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Ош облусунун тургундарынын коопсуздугун камсыздап, ар түрдүү кылмыштарга бөгөт коюу максатында Санариптик көзөмөлдөө бөлүмү түзүлүп, ишке киргизилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, укук бузууларды алдын алуу үчүн 1000 даана видеокамера орнотулган.
“Ош облусунун аймагында орнотулган видеокамералардын жардамы менен кылмыштуулук эки эсеге төмөндөдү. 1038 кылмыш жана укук бузуулар болтурулбай алдын алынды. Быйыл дагы 1000 даана видеокамера орнотулат”, - деп айтты президент.