Быйыл химиотерапия дарыларын сатып алууга 800 млн сом бөлүндү - Нурбек Букуев

Ден соолук Загрузка... 03 Февраль 2025 11:27
1-3.jpg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. / Кабар/. Быйыл өлкө тарыхында биринчи жолу онкологиялык ооруларды дарылоочу химиотерапия дарыларын сатып алууга 800 млн сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринен Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Нурбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, учурда медицина тармагына өкмөт тарабынан чоң көңүл бурулууда. Анткени учурга чейин бул багытка эң көп бөлүнгөн акча 176 млн сом болгон.

“Жалпысынан биздин химиотерапия менен дарыланган бейтаптарды дары менен толук камсыз кылуу үчүн орто эсеп менен 2,5 млрд сом керек. Бирок, бул каражатты кыргыз өкмөтү бөлүп бере албагандыгын түшүнүп, учурда бөлүнгөн каражатка да сүйүнүп отурабыз. Азырынча бөлүнгөн каражатты колдонуп бир топ бейтаптарыбызга чоң жардам көрсөтөбүз деп турабыз. Чындыгында учурда химиотерапия дарылары өтө кымбат турат. Алардын ичинен кымбат баалуу, орто баалуулары жана арзан баадагылары да бар. Каражатыбызга ошол дарыларды келишинче барын алганга аракет кылабыз”,- деди Букуев.

Ошондой эле дагы бир көйгөйлүү маселе дарыгерлердин айлык маянасынын аздыгы экенин Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси белгиледи.

“Биздин айлык маянабыз чоң эмес, борбордун дарыгерлери орто эсеп менен 20 миң сомдун тегерегинде эмгек акы алышат. Арасында эмгек стажына жараша мындан көбүрөөк же аз алгандар да бар”, - дейт ал.