Быйыл Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегаты реконструкцияга берилет

Экономика Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Быйыл Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштери ушул жылдын март айында башталат.

ГЭСтин гидроагрегатын реконструкцияга берилүүсү Кыргызстандагы энергетика тармагындагы маанилүү кадам болуп саналат. Реконструкциялоо “Үч-Коргон” ГЭСинин натыйжалуулугун жакшыртууга, иштеп чыгуучу кубаттуулугун арттырууга жана энергия өндүрүшүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтөт.

Мынтан тышкары, эскирген жабдууларды алмаштыруу, жаңы технологияларды колдонуу жана электр энергиясын өндүрүү процессин оптималдаштыруу, ГЭСтин кубаттуулугун көбөйтүп, анын жалпы энергия өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана иштөө мөөнөтүн узартуу пландаштырылууда.

Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинде кубаттуулугу 45 МВт болгон 4 гидроагрегат жайгашкан. 2024-жылы №4 гидроагрегат реконструкциядан өтүп, кубаттуулугун 9 МВтка жогорулады. Ошондой эле №3 гидроагрегатынын кубаттуулугу дагы оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 МВтка көбөйөт. Азыркы учурда ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 189 МВтты түзөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылы ГЭС курулгандан бери бир да жолу реконструкциялоодон өткөн эмес.

Реконструкция жана жаңылоо долбоорун China National Electric Engineering кытай компаниясы ишке ашырат.