Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды

Аймак
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Базарбаева Фарида Жумадиловна, Кимсанов Эрдем Камчибекович, Жумакадыров Камчыбек Кимсанович, ошондой эле "Ата Мекен" саясий партиясынан Аманов Кымбат Эсенович киргизилди.