Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Бишкектеги Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жаңы насостук станциянын курулушу активдүү уланып жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын корпусу тургузулуп, жер казуу иштери жүрүп, түтүктөрдү төшөө үчүн инфраструктура даярдалып, насостук жабдууларын орнотуу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, долбоорду CRBC консорциуму жана «Технотоп» ЖЧК ишке ашырууда. Долбоордун алкагында Б. Осмонкул көчөсү боюнча узундугу 120 метр, кесилиши 5,5х5,2 метр болгон өтмө канал курулуп, анын ичине диаметри 1000 мм болгон төрт жылуулук түтүгү орнотулат.
Жаңы насостук станция сегиз кубаттуу насос менен жабдылат, алардын ар бири саатына 2500 м³ суу өткөрө алат. Мындан тышкары, долбоордун алкагында трансформатордук көмөк чордондун курулушу жана жээктерди бекемдөө иштери да каралган.
Эске салсак, өткөн жылдын август айында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда «Батыш-1» жылуулук магистралында жаңы насостук станциясын куруу үчүн капсула салуу аземи өткөн.
“Жаңы насостук станциясы шаардын борбордук жана батыш бөлүгүнө жылуулукту туруктуу жеткирүүнү камсыз кылат. Аталган объект жылуулук менен камсыздоо схемасына 1990-жылдары эле киргизилген жана анын ишке берилиши 30 миң абонентке сапаттуу жылуулук берилишине оң таасирин тийгизет”,-деп айтылат маалыматта.