Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар Болот Ибрагимовду вице-спикерликтен чакыртып алуу сунушун көпчүлүк добуш менен колдошту. Тиешелүү чечимге 43 шайланган өкүл талкуусуз добуш берди.
Аны кызматтан алуу демилгеси «Эмгек» фракциясы тарабынан көтөрүлүп, жыйында ачык диалог болбогону менен айрым депутаттардын эмоционалдуу реакциясын жаратты. “Эл үмүтү” фракциясынын лидеринин орун басары Аскар Алмаз уулу кырдаалды кесиптештеринин жеке таарынычтары менен байланыштырды.
"Мен биздин бардык депутаттарга эмес, өзгөчө сезимтал жана таарынчактарга кайрылып жатам. Биздин фракция КР мыйзамдарын сактоого чакырып жатканына таарынып жатасыздар. Биз депутат болгонубуз менен катардагы жарандардан өйдө болбойбуз, мыйзам баарына бирдей", - деп белгиледи Аскар Алмаз уулу.
Добуш берүү процедурасы бузулганын Болот Ибрагимов Instagram баракчасында билдирди. Бирок ал дагы, «Эл үмүтү» фракциясы дагы Бишкек шаардык кеңешинин чечимин сотко даттанбайт.
"Бул эч нерсени билдирбейт. Биз депутат бойдон калып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей беребиз. Сиздер бизге добуш бербесеңиздер дагы, биз сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн иштейбиз", - деди ал видео кайрылуусунда.
Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештин депутаттарынын белгиленген жерден тышкары чылым чеккен видеосу коомчулукта талкууланган. Ибрагимов өзү бул окуяны видеого тартып алганын айтып, бирок видеону ЖМКга таратууга тиешеси жоктугун билдирди.