Бишкектин башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 18 Декабрь 2025 12:03
1765962866_large.jpeg

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, иш-чаралар 24-25-декабрда райондордо уюштурулат.

24-декабрь:

  • Ленин району - Чүй проспектиси, 168а, саат 10:00,
  • Биринчи май району - Чүй проспектиси, 168а, саат 14:00.

25-декабрь:

  • Октябрь району – акимчиликтин жыйындар залы, саат 10:00,
  • Свердлов району - Үсөнбаев көчөсү, 200/1, саат 14:00.

Коомдук угууга катышуу үчүн 23-декабрда саат 18:00гө чейин төмөнкү номерлерге алдын ала катталуу зарыл:

  • Ленин району: 0503 10 22 06, 0312 65 69 03
  • Биринчи май району: 0559 71 99 99
  • Октябрь району: 0999 66 68 45, 0509 68 88 70, 0312 57 61 57
  • Свердлов району: 0550 15 06 61, 0312 36 03 10.