Бишкекте 39 мектептин базасында жайкы лагерлер ачылды

Коом Загрузка... 04 Июнь 2026 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 39 мектептин базасында уюштурулган жайкы лагерлер өз ишин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лагерлерде жайкысын 4 880 бала эс алуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз болот.

Окуучулар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, өнүктүрүүчү сабактар, спорттук оюндар жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, ден соолугун чыңдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар даярдалган.

Мектеп окуучуларынын коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулат. Лагердин катышуучулары үчүн күнүнө эки маал тамак берилет.

Жайкы лагерлердин иши балдардын каникулду кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүсүнө, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.