Быйыл башкы балаты шаардын символуна айкалыштырып кооздолду — сүрөтбаян

Коом 2214 09 Декабрь 2025 10:20
9ffb6ae6-1314-4b54-b253-9cada2a3ffd2.jpg
63f20c77-bfc8-4d06-80a9-387c6720d1cd.jpg
8f1dbf16-6229-489a-b7d9-945756aa5b21.jpg
9d132c9d-9929-428a-87a7-5be5701abf90.jpg
336d80b1-5acc-4fb3-a167-71d98449381d.jpg
0522cc5a-e3f8-4f3d-bc2e-13588681ef6c.jpg
216dcf71-9b6e-4d2e-84fb-779f6e5c4b2b.jpg
ff4b5f9a-a7f2-4e27-9704-416fe2b87b5d.jpg
Алдыга
Артка
9ffb6ae6-1314-4b54-b253-9cada2a3ffd2.jpg
63f20c77-bfc8-4d06-80a9-387c6720d1cd.jpg
8f1dbf16-6229-489a-b7d9-945756aa5b21.jpg
9d132c9d-9929-428a-87a7-5be5701abf90.jpg
336d80b1-5acc-4fb3-a167-71d98449381d.jpg
0522cc5a-e3f8-4f3d-bc2e-13588681ef6c.jpg
216dcf71-9b6e-4d2e-84fb-779f6e5c4b2b.jpg
ff4b5f9a-a7f2-4e27-9704-416fe2b87b5d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Башкы балаты – кыштын керемет дүйнөсүнө жол ачкан майрамдык символ.

Шаардын жүрөгүндө жайгашкан башкы балаты кооздолуп бүттү.

Миңдеген кооз оюнчуктар жана жасалгалар айланага кереметтүү маанай тартуулайт.

Жакын арада Ала-Тоо аянтында миңдеген шаардыктар башкы балатынын жанында сүрөткө түшүп, кубанган балдар жана майрамдык ыр-күүлөр — бул жерди кышкы жомокко айлантат. Ар бир деталь өзүнчө бир тарых айтып, ушул күндү күткөндөргө унутулгус таасир тартуулайт.

Жаркыраган балаты – жаңы үмүттөрдүн, жакшы тилектердин жана биримдиктин белгиси. Бул фоторепортаж аркылуу сизди да ошол майрамдык атмосфераны сезип, шаардын кышкы демине аралашууга чакырабыз.

Башкы балаты быйыл кандай жасалгаланды?

“Кабар” агенттигине мэриядан маалымдашкандай, балаты шаардын символуна, Манастын айкелине жана Ала-Тоо аянтына айкалыштырып кооздолду. Балатыга көк жана күмүш түстөгү 7 миңден ашык оюнчук илинди.

Муниципалитет эки жылдан бери борбордук аянтты жасалгалоого акча каражатын сарптай электигин, бизнес өкүлдөрү колдоо көрсөтүп жатканын айтты.

“Алар биздин иштеп чыккан долбоорго ылайык, өздөрүнүн каражатына аянтты кооздоп, коммуналдык кызматтарга төлөм жүргүзүшөт. Былтыр бизнес 26 млн сом короткон. Быйыл бул сумма дагы көбөйөт, анткени тиешелүү жабдуулар жаңыланып, муз аянтчасынын көлөмү кеңейтилди”, - деп белгилешти мэриядан.

Кошумчалай кетсек, башкы балаты 15-декабрда жандырылат.