АКШда Ыраазычылык күнү белгиленүүдө

Дүйнө
АКШда Ыраазычылык күнү белгиленүүдө
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Ыраазычылык күнү АКШда ноябрь айынын төртүнчү бейшембисинде белгиленет. Быйыл америкалыктардын эң сүйүктүү майрамдарынын бири 26-ноябрга туш келди. Бул күн Рождествону камтып Жаңы жылга чейин созулган майрамдык мезгилдин башталышы болуп саналат.

АКШда Ыраазычылык күнү белгиленүүдө

Анын тарыхы төрт кылым мурун 1621-жылы башталган. Азыркы Массачусетс штатынын аймагына Англиядан жер которуп келгендер ачарчылыктан кийинки биринчи ийгиликтүү түшүмдү үндүк бышырып белгилешкен. Алар жергиликтүү америкалык кошуналары менен биргеликте Кудайга ыраазычылык билдиришип, окуя андан ары салтка айланып кеткен. Көпчүлүк америкалыктар төрт күндүк дем алыш күндөрүн адат катары үй-бүлөсү менен өткөрүп келишет.

АКШда Ыраазычылык күнү белгиленүүдө

1789-жылы Джордж Вашингтон Ыраазычылык күнүн жыл сайын 26-ноябрда улуттук майрам катары белгилөөнү сунуштаган. 1864-жылы Авраам Линкольн ноябрдын акыркы бейшембисин АКШда Ыраазычылык күнү деп жарыялаган. Ал эми 1941-жылы Франклин Делано Рузвельттин тушунда Конгресс Ыраазычылык күнүн ноябрдын төртүнчү бейшембиси катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ошентип, америкалык банкноттордо чагылдырылган өлкөнүн эң атактуу президенттери майрамдын Америка тарыхындагы макамын бекемдеп беришкен.

АКШда Ыраазычылык күнү белгиленүүдө

Майрамдын алдында АКШнын президентине салт боюнча семиртилген эки үндүк белекке берилет. Алардын бирин ал салтанаттуу түрдө кечирет, экинчисин Ак үйдүн ашпозчуларына жөнөтөт. Америкада үндүккө болгон урмат ушунчалык чоң болгондуктан, ал АКШнын расмий символуна айланган.

Бул майрамды белгилөө салты Канада, Гренада, Сент-Люсия, Либерия, Бразилия жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да бар, бирок ар башка даталарга туш келет.