Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 10-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына каза болгон баланын атасы арыз менен кайрылып, 21-январда 15 жаштагы уулуна №72 орто мектептин дааратканасынан үч окуучу денесине жаракат келтиришкенин жана анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын айткан. Ошондой эле 4-февралда ооруканада баласы каза болгондугун билдирген.
Аталган факт милиция кызматкерлери тарабынан 7-февралда аныкталып, каттоодон өткөндүктөн, жарандын арызы каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү материалына тиркелген.
Бул факт боюнча Ленин РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда соттук экспертизалар дайындалып, иштин жагдайларын териштирүү үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилери айтылды.
"2010-жылы туулган А.А.нын ата-энеси тарабынан айтылган арыз-дооматтар дыкаттык менен каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөт. Тергөө иштеринин алкагында окуянын мүмкүн болгон бардык себептери аныкталып, билим берүү мекемелериндеги коопсуздук жана алдын алуу чараларына тиешелүү маселелер каралат. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн билим берүү мекемесине бекитилген кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө", - деп белгилешти милициядан.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Жал кичи районундагы мектептин ажатканасында ур-токмокко кабылып каза тапкан окуучунун окуясы укук коргоо органдары тарабынан текшерилиши керектиги айтылган эле.