Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган ЖОЖдун айрым окутуучулары Кыргызстандан чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата эч жака чыкпоо боюнча колкат алынып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.