Бишкекте жер мунапысы боюнча арыздар каралууда

Коом 29 Июль 2026 09:05
758167601_1598242395068338_7395971769521442901_n.jpg
757399056_3939695766339965_5528311734463775498_n.jpg
757545492_2129281351354856_7631210632907365612_n (1).jpg
Алдыга
Артка
758167601_1598242395068338_7395971769521442901_n.jpg
757399056_3939695766339965_5528311734463775498_n.jpg
757545492_2129281351354856_7631210632907365612_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана мамлекеттик органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген материалдарды кароо ишин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 28-июлда Октябрь райондук администрациясынын комиссиясынын жыйынында жалпы 81 материал каралды.

Жыйынтыгында 10 материал боюнча бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды, бир материал кайра кароого жөнөтүлдү. Калган материалдар боюнча комиссия белгиленген тартипке ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Мэриядан белгилешкендей, материалдарды кароо жер пайдалануу маселелерин жөнгө салуу жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жер тилкелерине болгон укуктарды жол-жоболоштуруу максатында жүргүзүлүүдө.