Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик президенттин жер мунапысы тууралуу жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.
Агенттиктен белгилешкендей, аталган жарлыктын айрым пункттарынын күчүн жоготту деп таанылышы жер мунапысына байланыштуу бардык чектөөлөр менен талаптардын жокко чыгарылгандыгын билдирбейт.
"Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 14-июлундагы №111 мыйзамы менен "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жогоруда аталган жарлыктын күчүн жоготту деп таанылууга сунушталган пункттарында белгиленген ченемдер мыйзамга киргизилген.
Ушуга байланыштуу президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөр анын айрым жоболорун мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө жана актуалдуулугун жоготкон ченемдерди алып салууга гана багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, башаламан курулуштары бар жер участокторунун топторуна кирген участокторду мыйзамдаштыруунун тартибине жана арыздарды тапшыруу мөөнөтүнө байланыштуу талаптар күчүндө калат.
Бул талаптар президенттин жарлыгында гана эмес, түздөн-түз мыйзамда да бекитилген. Демек, жарлыктын тиешелүү пунктун алып салуу аталган талаптардын мыйзамдагы күчүн жоготкондугун билдирбейт.
Мамлекеттик агенттик жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтарды расмий булактардан текшерүүгө жана мыйзамдардын жоболорун туура чечмелөөгө чакырат.