Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. Бишкекте аутизм спектринин бузулушу (АСБ) жана башка менталдык өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн “Акнур кидс” өнүктүрүү борбору ачылды. Борбор "Акнур" коомдук фонду тарабынан негизделген.

Аталган борбордун директору Элиза Кадырованын айтымында, мында өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө жөн гана сабак эмес, нейрокоррекция, сенсордук интеграция, мектепке даярдоо жана чакан топтордо социалдаштыруу кызматтарын сунуштоо менен системалуу колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн.

“Өзүм өзгөчө баланын апасы катары мындай өнүктүрүү борборлору бүгүнкү күндө канчалык зарыл экендигин жакшы билем. Өзгөчө балдардын ар бирине ылайыкташып, жеке иштеп өнүктүрүү жана ата-энелерге жардам берүү биздин максатыбыз. Негизи күнүнө 4 сааттан 11 класста 2 нөөмөттө 80 бала менен иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда группалык форматка ылайык келген 25 бала менен иштеп жатабыз. Биздин борбордо бир бала менен 4 саат окутуунун акысы 800 сомду түзөт. Ал эми жеке окутуу сабактарга алып барса саатына эле 1000-1500 сом. Бул каражатты төлөө да ата-энелер үчүн өтө кыйын. Имаратыбыздын ижара акысы чыкпаса да ушундай төлөм менен ишибизди баштадык. Имарат эле бериңиздер калганын өзүбүз уюштуруп алабыз деп тиешелүү тараптарга кайрылдык, бирок азырынча натыйжа боло элек. Азыркыга чейин демөөрчүлөрдүн, кайрымдуулук көрсөткөн тараптардын колдоосу менен иш жүргүзүп келе жатабыз. Фонддун карамагында 700гө жакын адам бар. Алардын көбү өзгөчө балдарын тарбиялаган жалгыз бой энелер болгондуктан айрым учурларда 800 сомду төлөгөнгө шарты жок болуп калат. Бизге азыр 4 жаштан 14 жашка чейинки топтук иштөөгө мүмкүн болгон балдар келип жатат”,- деди Кадырова.
Жаңы эле ишке кирген борбордун адистери өзгөчө балдарга жекече мамиле менен окутуп, аз убакытта жакшы жыйынтыктарды байкашкан. Бирок, өлкөдө өзгөчө балдар үчүн мектеп, окуу борборлорунан тышкары логопед, дефектолог сыяктуу адистер жетишсиз экендигин борбордун директору кошумчалады.
Борбордун ачылыш аземине балдардын ата-энелеринен тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Калмаматова, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов катышты.
Алар борбордогу балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, адистер менен баарлашты.
Рысбай Аматов кадимки балдарды тарбиялоо кыйын болуп турган шартта, өзгөчө балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү менен алектенип жаткан борбордун негиздөөчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле шаардык кеңеш, райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан борборго колдоо болоору айтылды.
Иш-чарада катышуучулар бүгүнкү күндө өзгөчө балдар үчүн мындай борборлор абдан зарыл жана өлкөдө алардын санын көбөйтүү керек экендигин белгилешти.