Бишкекте шамал энергетикасы боюнча жаңы окуу борбору ачылды

Билим 29 сентябрь 2026 16:20
6184-b.jpg
828859862_2935149876866124_5139828953303439556_n.jpg
825268337_1542816397870993_3136029489933263976_n.jpg
829196407_28829972003305790_2357453225217374732_n.jpg
Алдыга
Артка
6184-b.jpg
828859862_2935149876866124_5139828953303439556_n.jpg
825268337_1542816397870993_3136029489933263976_n.jpg
829196407_28829972003305790_2357453225217374732_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейде шамал энергетикасы боюнча окутуу борбору ачылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Анын ачылыш аземине министрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эрен катышты.

Агенттиктин маалыматына караганда, Түркиянын колдоосу менен ачылган борбор заманбап жабдуулар жана лабораториялык стенддер менен камсыздалган. Бул жерде окуучулар шамал энергетикасы боюнча теориялык билимдерин практикада бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Ошондой эле борбордо жумушсуз жарандар үчүн кыска мөөнөттүү окуулар уюштурулат.

Ачылган борбор жашыл энергетика тармагына адистерди даярдоого жана практикалык окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.