Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Экономика 5 октябрь 2026 17:45
Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 5-ноябрда Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясына жана инвестицияларды тартууга арналган өнөр жайды өнүктүрүү боюнча масштабдуу регионалдык форум өтөт.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чараны министрлер кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) биргеликте уюштурушууда.

Бул маанилүү форум мамлекеттик органдардын, эл аралык финансылык институттардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жеке сектордун жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултат.

Анда катышуучулар Кыргызстандын жана региондун артыкчылыктуу өнөр жай демилгелерин, ошондой эле аларды ишке ашыруу жана андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон каржылоону, инвестицияларды жана техникалык эксперттик колдоону тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашат.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык диалогду инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен айкалыштырган бул форум негизги беш багытты камтыйт: айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын жана нарк чынжырларын өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергетика жана өнөр жайдын жашыл трансформациясы, өнөр жайдагы санариптик көндүмдөрдү жана инновацияларды өнүктүрүү, өнөр жай секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана нарк чынжырларын туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле сапат инфраструктурасы жана рынокторго жеткиликтүүлүк.

Мындан тышкары, катышуучулар Борбордук Азиядагы өнөр жайды өнүктүрүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жана көйгөйлөрүн талкуулап, региондук кызматташтыкка, технологияларды өткөрүп берүүгө, чек ара аралык өндүрүштүк байланыштарды чыңдоого, ошондой эле региондун жашыл жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай трансформациясын илгерилетүүдөгү инвестициялардын жана өнөктөштүктөрдүн ролуна өзгөчө көңүл бурушат.