Бишкекте курулушта коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өттү

Коом Загрузка... 15 Май 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын жетекчилери менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү дагы катышып, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасын, санитардык жана башка ченемдердин талаптарын камсыз кылуу жана сактоо маселелери көтөрүлдү.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш иштери өсүп – социалдык чөйрөдө, өнөр жай жана энергетика тармактарында жана башка объекттер курулуп жатат. Бирок, акыркы 3 жылда курулуш иштеринин жүрүшүндө кырсыктардын көбөйүшү байкалууда: 2022 - жылы курулуш аянтчаларында бийиктиктен кулоо боюнча 11 факт катталса, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, 2025-жылдын 3 айында 30дан ашык факт катталган.

Мындай тенденцияда коопсуздук талаптарын сактоо өтө актуалдуу жана төмөнкү себептерден улам алардын сакталышын камсыз кылуу өтө маанилүү:

Өмүрдү жана ден-соолукту сактоо: курулуш учурунда эң кооптуу- бийиктиктен кулап түшүү, токко урунуу жана шаймандардын жаракат алуу ж.б.

Экономикалык жоготууларды азайтуу: коопсуздук талаптарын бузуу, жумуштун токтоп калуусуна, айып пулга, жабыр тарткандардын ордун толтурууга жана аброюна зыян келтирет.

Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу: коопсуз чөйрө жумушчуларды шыктандырат, жаракаттан улам иштин токтоп калуусун азайтат жана иштин сапатын жакшыртат.

Юридикалык жоопкерчилик: талаптарды бузуу административдик же кылмыш кесепеттерине алып келет.

Экологиялык жана коомдук коопсуздук: материалдарды же техниканы туура эмес колдонуу айлана-чөйрөгө же жашоочуларга зыян келтириши мүмкүн.

Буга байланыштуу курулуш бизнесинин өкүлдөрүнө эмгек коопсуздугу жаатында шарттарды түзүү жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоону камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар жеткирилди.

Мындан тышкары, иш берүүчү тарабынан коопсуздуктун бардык белгиленген талаптары сакталган шартта да, терс кесепеттерге алып келген окуя кырсык катары бааланышы мүмкүн. Ал эми кичине болсо да эреже бузуу аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата кылмыш жоопкерчилигинин эң катуу чаралары колдонулат.

Кеңешменин бардык катышуучулары көйгөйлүү жана талкууланган маселелерге оң көз карашта болушуп, коопсуздукту камсыз кылуу жана адам өмүрүн сактоо боюнча бардык милдеттенмелерди өздөрүнө алышты.