Бишкекте Конституция күнүнө карата ачык асман алдында концерт өтөт

Коом Загрузка... 03 Май 2025 20:05
IMG_5698.png
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.05.25 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарында ачык асман алдында концерт өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара 5-майда саат 18:30да борбордук Ала-Тоо аянтында өтөт.

Кечеде классикалык музыка жаңырып, көрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри өз өнөрүн тартуулайт.

“Урматтуу шаар тургундары жана калаа коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди ачык асман алдындагы концертке чакырат. Келип, классикалык музыканын керемет дүйнөсүнө күбө болуңуздар!”,-деп айтылат билдирүүдө.