Бишкекте көмүскө оюн-зоок жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 28 Январь 2025 16:43
475152989_1003183575163977_1016619162828167231_n.jpg
474787596_1003183565163978_5760728084811547079_n.jpg
475138985_1003183561830645_7726286647276274063_n.jpg
Алдыга
Артка
475152989_1003183575163977_1016619162828167231_n.jpg
474787596_1003183565163978_5760728084811547079_n.jpg
475138985_1003183561830645_7726286647276274063_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бишкекте көмүскө оюн-зоок жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат түшкөн.
Белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталып, ал жакка "өз кишилерин" гана киргизишчү.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү токтомдун негизинде Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан Sun Club бильярд клубуна тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда имараттан кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылып, кумар оюндары ойнотулуп келгени аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кумар оюндарынын уюштуруучусу 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган.

Шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда тергөө иштери уланууда.