Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өтүүдө.
Иш-чарага шериктештик өлкөлөрдөн 200гө жакын өкүл келген.
КМШнын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форумдары шериктештик мейкиндигиндеги эң ири жыл сайын өтүүчү гуманитардык иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын алкагында өткөн жылдын жыйынтыктары чыгарылып, биргелешкен аракеттердин пландары талкууланууда. Ошондой же илим, билим берүү, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар менен иш алып баруу тармактарындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сунуштар иштелип чыгары маалымдалды.
Белгилей кетсек, форум 2006-жылдан бери кезектешип КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Кыргызстан бул форумду үчүнчү ирет өткөрүүдө.
Бүгүнкү форумдун негизги темалары — КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдык мааракеси болууда.
Форумдун ишине Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонд башкармалыгынын тең төрагасы, Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана ошондой эле шериктештик өлкөлөрүнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери катышууда.