Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтүүдө

Спорт Загрузка... 02 Апрель 2025 12:14
487390846_18351859543196946_9143733803563442548_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 02.04.25 /Кабар/. 2-3-апрелде Бишкектеги Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-15) арасында Ауэз Ордобаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, катышуучулар төмөнкү 38, 41, 44, 48, 52, 57, 62, 68, 75, 85 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Жеңүүчүлөргө "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.