Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкекте уй жана кой этинин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаралар базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө өтүүдө.
Рейддер райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, ветеринардык кызмат жана башка тиешелүү органдар менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Октябрь районунда "Орто-Сай" базары, төрт кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Ленин районунда рейд "Ош" базарында өттү. Биринчи май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейд жүргүзүлгөн.
Свердлов районунда уй этинин баасы 1 кг үчүн 770 сом, кой эти 880 сом экени айтылды.
Мониторингдин алкагында соодагерлерге бааны негизсиз жогорулатпоого жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.