Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы "Жаштык Арена" аянтчасында "KYRGYZSTAN EXPO 2026" жана "EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026" эл аралык көргөзмөлөрү өтүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 17-октябрга чейин уланат.
Көргөзмөнү Соода-өнөр жай палатасы "Зарубеж-Экспо" акционердик коому менен биргеликте уюштуруп, ага Кыргызстан, Россия, Кытай, Түркия, Өзбекстан, Пакистан жана Афганистандын өкүлдөрү катышууда.
Кыргызстандык ишканалар курулуш, өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, каржы, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарын тааныштырат. Алардын арасында "Интергласс Строй", "Таш Темир", Marvel Group, "Кыргыз Трансформатор", "Дордой Страхование", КСБ Банк жана "Капитал Банк" бар.
Ал эми Россия көргөзмөгө өнөр жай, курулуш, өндүрүш жана агроөнөр жай тармактарында иштеген 12 компаниядан турган жамааттык экспозиция менен катышууда. Алардын катарында "Фирн-М", "СераПром", "Золотая Адыгея", "Алейскзернопродукт", "Эрвольт" жана башка ишканалар бар. Ошондой эле Тюмень жана Нижний Новгород облустарынын өкүлдөрү катышат.
Кытайдан өнөр жай жана технологиялык ишканалар, анын ичинде электротехникалык жана трансформатордук жабдууларды өндүрүүчүлөр катышууда. Пакистандан келген өкүлдөр үчүн өзүнчө көргөзмө аянтчасы каралган.
Көргөзмөлөрдүн алкагында Бишкек бизнес-форумун, тармактык тегерек столдорду, ишкерлердин B2B форматындагы эки тараптуу жолугушууларын жана инвестициялык-өндүрүштүк долбоорлордун презентацияларын өткөрүү пландалган. Иш-чаралар эл аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө, кыргызстандык ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлердин түз байланыштарын түзүүгө багытталган.