Бишкекте чоңдордун коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүрдү

Коом 30 Январь 2025 17:04
WhatsApp Image 2025-01-30 at 14.07.19.jpeg
475747316_1042052751303912_828740676249020848_n.jpg
475592321_1042052681303919_6751428195305022769_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-30 at 14.07.19.jpeg
475747316_1042052751303912_828740676249020848_n.jpg
475592321_1042052681303919_6751428195305022769_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев жана Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Биринчи май районунда кайырчылык менен алектенген, иштеген балдарды жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок саат 22:00дөн кийин жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддер күндүз жана түнкүсүн «Мурас-Ордо» конушунда жана «Кудайберген», «Сары-Өзөн», «Азиз» базарларында, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө жүргүзүлдү.

“Мурас-Ордо” жаңы конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосу жок жашы жете элек 5 өспүрүм табылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

"Мындай тартип бузууларга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бардык аныкталган жашы жетпегендер боюнча протоколдор түзүлдү жана аларга мындан аркы профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн алардын жашаган жери боюнча тийиштүү каттар жиберилет",-деп айтылат маалыматта.