Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочунун унаасы айып короого токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 14 Март 2025 13:30
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25./Кабар/. Бишкекте автоээнбаштык жасаган  айдоочунун унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда  BMW  үлгүсүндөгү  унаанын айдоочусу борбор шаарыбыздын көчөлөрүнүн биринде  атайын автоээнбаштык кылып жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны таап, айдоочусуна 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушкан.