Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Токмокто автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма унаа жолунда “Land Cruiser Prado” үлгүсүндөгү унаасы “Ауди С4” үлгүсүндөгү унаасын жолун тороп автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Токмок ШИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери айдоочуну аныктоо иштерин жүргүзүп, бүгүн авто унаанын айдоочусу кармалып, ага 15 миң сом айып салуу менен унаасы айып короо жайына токтотулду.
"Урматтуу жарандар эгерде мына ушундай эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуздар ЖКККББнын 0709287290 ишеним номуруна жөнөтүп койсоңуздар болот. Биз тараптан тийиштүү чара көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.