Борбор калаада автоээнбаштык кылган айдоочу жоопко тартылды

Коом Загрузка... 13 Декабрь 2025 13:08
WhatsApp Image 2025-12-13 at 13.06.37.jpeg

Бишкек, 13.12.25. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы автоээнбаштык үчүн айдоочуну жоопко тартты.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, социалдык тармактарда Ч. Айтматов проспектисинде бараткан Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү арткы терезеден жарым-жартылай чыгып алып, башка унааны телефонго тарткан видео тараган.

Мындай аракеттер жол коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат жана жол кыймылынын эрежелеринин одоно бузулушу болуп саналат.

Бул факт боюнча кайгуул кызматкерлери окуянын катышуучуларын дароо аныктап, айдоочунун үстүнөн автоээнбаштык боюнча укук бузуулар жөнүндө протокол түзүштү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жолдо кооптуу жүрүм-турумга жол берилбейт жана ар бир мыйзам бузуу мыйзам чегинде жоопко тартуу менен чектелерин эскертет.