Милициянын кайгуул кызматы окуучуларды жарык чагылдыргычтар менен камсыздоону сунуштайт

Коом Загрузка... 10 Январь 2026 13:28
copyright icon www

Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Кышкы каникул аяктап, окуу процесси башталары менен жолдордо балдардын саны кескин көбөйөт.

Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы ата-энелерге балдарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт.

Анда белгиленгендей, жарык чагылдыруучу элементтерди сатып алып, окуучулардын үстүңкү кийимдерине, рюкзактарына жана бут кийимдерине тагып коюу сунушталат.

Анткени караңгыда жарык чагылдыргычтардын болушу айдоочуларга баланы өз убагында байкап, жол кырсыктарынын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, ата-энелердин балдарга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо зарылдыгын дайыма эскертип туруусу маанилүү. Мисалы, жолдон өтүүдө жөө өтүүчү өтмөктөрдөн гана өтүү, жол чырактын уруксат берүүчү белгисинде өтүү жана жолдо өтө этият болуу зарыл.

Башкармалык билим берүү мекемелеринин жанында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышкандыгын кошумчалайт.