Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 15-март күнү Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
«Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Аталар күнү былтыр негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат.