Бишкекте 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипке өттү: Президент даярдыкты текшерди — Кабар

Бишкекте 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипке өттү: Президент даярдыкты текшерди

Президент 29 август 2026 10:20
IMG_6516.jpeg
IMG_6522.jpeg
IMG_6526.jpeg
IMG_6523.jpeg
IMG_6521.jpeg
IMG_6520.jpeg
IMG_6513.jpeg
IMG_6509.jpeg
IMG_6517.jpeg
IMG_6514.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6516.jpeg
IMG_6522.jpeg
IMG_6526.jpeg
IMG_6523.jpeg
IMG_6521.jpeg
IMG_6520.jpeg
IMG_6513.jpeg
IMG_6509.jpeg
IMG_6517.jpeg
IMG_6514.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди.

Гарнизондук бөлүштүрүүгө Ички иштер, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин, Прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт, Салык жана Бажы кызматтарынын, Жазаларды аткаруу, Мамлекеттик чек ара кызматтарынын жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 15 миңге жакын кызматкери катышты. ”Коопсуздук“ комплекстүү иш-чарасынын алкагында бардык мекемелердин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын уккандан кийин Мамлекет башчысы өздүк курамды жана атайын техникаларды — атайын унааларды, тез жардам унааларын, реанимобилдерди, радиобайланыш каражаттарын, дрондорго каршы мылтыктарды, эксперттик жабдууларды, көчмө рентген аппараттарын, командалык-штабдык унааларды, металл издегичтерди, манипуляторлорду, суу чачуучу унааларды, ошондой эле атчан жана кинологиялык бөлүктөрдү көрүп чыкты.

Садыр Жапаров сүйлөгөн сөзүндө эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандар менен чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу башкы милдет экенин белгиледи.

”Кыргызстан – баарыбыздын ыйык Мекенибиз! Өлкөбүз үчүн өтөп жаткан кызматтарыбыз ар башка болгону менен, мамлекетибиздин коопсуздугу менен элибиздин тынчтыгын камсыз кылуу баарыбыз үчүн бирдей милдет экени эч качан эсибизден чыкпашы зарыл”, — деп баса белгиледи президент.
Мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнүн базасын чыңдоо, кызматкерлердин айлык-маянасын жогорулатуу жана социалдык колдоону кеңейтүү иштери улана берерин айтып, тартипти так сактоого чакырды.

Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт! Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда!”, — деди Садыр Жапаров.

Сөзүнүн соңунда президент тартылган бардык кызматтардын кызматкерлерине жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.