Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек ШИИБнин башчысы Азамат Токтоналиев №72 мектепте ур токмоктон каза болгон Аннас Айтбаевдин ата-энеси менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, Азамат Токтоналиев маркум окуучунун ата-энесинин арыз-муңун угуп, кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык тергөө иш-чаралары толугу менен жүргүзүлөрүн белгилеген.
«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги, баланын ата-энеси тарабынан айтылган бардык арыз-даттанууларын угуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө иш-чаралары көзөмөлгө алынып, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи», -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, тергөө иштерин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы жүргүзө турганы кошумчаланды.
Эске салсак, 21-январь күнү эртең менен Нуриса Айтбаевага 14 жаштагы уулу Аннас Айтбаев окуган мектептен телефон чалышкан. Класс жетекчиси Аннас дааратканага жыгылып, башы менен тийгенин айткан. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, баланы текшергенден кийин дарыгерлер анын жакшы экенин айтып, кетип калышкан. Бирок кийинчерээк, Аннас катуу ооруй бергендиктен, апасы жана класс жетекчиси менен 3-балдар ооруканасына алып барышкан.
Баланын абалы барган сайын начарлап, 4-февралда каза болгон.
Андан соң Аннастын классташтары аларды өзүнөн улуу окуучулар ур-токмокко алганын билдирип, чоң класстын окуучусу Аннасты көкүрөккө тепкенде, ал эсин жоготуп койгонун айткан.