Кара-Сууда окуучунун сабалышы. Шектүү кармалды

Кырсык Загрузка... 14 Февраль 2025 12:35
ge14cd0b3cecf66b0e38624030d7a03849ec564283426feda6109d3ef98bb058dafc09312112fafedccca19178f7c9ff5920.jpg
copyright icon www

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда сабалып каза болгон 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 12-февралда Каратай айылындагы №39 мектептин жанынан окуучу кулап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, күбөлөрдүн айтымына ылайык, окуучулардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада 9-класстын окуучусу сабалып, эс-учун жоготкону аныкталган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, маркумду сабаган ошол эле мектептин окуучусу 2007-жылы туулган Р.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө иштери уланууда.