Бир аптада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 10 Март 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-03-10 at 10.40.07.jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 2025-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701;

-Мас абалында унаа башкаруу -108;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -87;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410;

-Авто ээнбаштык -10;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4174;

-Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу - 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14 482;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.