Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Предметтик стандарттарын иштеп чыгуу жана окуу-методикалык комплекстерин адаптациялоо боюнча эксперттерге конкурс жарыяланды.
Ведомстводон билдиришкендей, Билим берүү жана илим министрлиги «Секторду өнүктүрүү долбоору:Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү үчүн STEM багыты боюнча предметтик стандарттарды иштеп чыгуу, окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо жана басмага даярдоо үчүн төмөнкү эксперттик позициялар боюнча конкурс жарыялайт:
- Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн математика, химия, физика, биология, география жана информатика предметтеринин предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттер;
- Marshall Cavendish Education басмаканасына таандык математика, физика, химия жана биология предметтери боюнча мектептик окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо боюнча предметтик эксперттер;
- Marshall Cavendish Education басмаканасына таандык математика, физика, химия жана биология предметтери боюнча мектептик окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо боюнча предметтик эксперт-мугалим;
- Корректор;
- Редактор;
- Иллюстратор;
- Техникалык редактор;
- Көркөм редактор;
- Версткалоочу.
Конкурска катышуу үчүн резюмени жана квалификацияны, тажрыйбаны, жөндөмдөрдү тастыктаган документтерди электрондук форматта artykjyldyz@gmail.com, zdootalieva@bk.ru, ssfertextbook@gmail.com даректерине 2025-жылдын 15-февралына чейин жөнөтүү керек.