Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. 20-22-январь күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын күн тартибине ылайык 2024-жылда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин аткарылышы боюнча эксперттик кеңештин жетекчилеринин отчеттору угулду.
Белгилей кетсек, 2024-жылы жалпысынан 135 тема боюнча илимий-изилдөөлөр, анын ичинен 87 тема боюнча улануучу, 48 тема боюнча аяктоочу изилдөөлөр, жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланды.
Табигый илимдер багытында 11 тема, техникалык илимдер багытында 33 тема, айыл чарба илимдери багытында 40 тема, социалдык-гуманитардык илимдер багытында 16 тема, медициналык илимдер багытында 35 тема боюнча отчеттор угулду.
Үч күндүк отурумдун жыйынтыгында 93 илимий изилдөө боюнча отчеттор кабыл алынса, 42 илимий изилдөө боюнча отчетторду бир айдан кийин Илимий-техникалык кеңештин жыйынында изилдөөлөрдү жүргүзгөн жетекчилерди чакыруу менен кайрадан угуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Ошондой эле 2025-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу темалардын тизмесин аныктоо боюнча талкуу жүрүп, 10 тема каржылоого сунушталууда.