Бажы кызматы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды

Коом 28 сентябрь 2026 10:05
Бажы кызматы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды
copyright icon WWW

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техникалар сатылат деген жалган маалымат камтылган, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган видеолордон сак болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, бажы органдары товар сатуу менен алектенбейт. Ошондой эле алдамчылар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде кызматкерлердин аты-жөнүн, сүрөттөрүн жана кызмат ордун колдонуп, жасалма аккаунттарды түзүп жатышат.

Бажы кызматы жарандарды шектүү аккаунттарга жана билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке жана банктык маалыматтарын бербөөнү жана маалыматты расмий булактардан текшерүүнү өтүнөт.