Баткенде милиция кызматкерлери аттестациядан өтүүдө

Аймак Загрузка... 20 Май 2025 11:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер органдарында милиция кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жана дене тарбия деңгээлин текшерүү максатында аттестациялоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, аталган аттестация Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде уюштурулуп, анын алкагында кызматкерлердин физикалык даярдыгы — өзгөчө 3 чакырымга чуркоо, турникке тартынуу, пресске көнүгүүлөрдү аткаруу, ок атуу билими жана самбо ыкмалары боюнча ыйгарым укуктуу коргонуу көндүмдөрү текшерилип жатат.

Иш-чаранын негизги максаты — милиция кызматкерлеринин кызматка жарактуулугун аныктоо, коомдук тартипти камсыздоодо жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүдө жогорку деңгээлге жетишүү болуп саналат. Ар бир кызматкердин даярдыгы кылдаттык менен бааланып, анын жыйынтыгына жараша тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Белгиленгендей, аттестация аркылуу тартип сакчыларынын физикалык чыдамкайлыгы, мекенге берилгендиги жана жарандардын коопсуздугу үчүн болгон жоопкерчилиги дагы бир жолу тастыкталат.