Баткен шаарындагы борбордук стадион ноябрь айында ишке берилет

Спорт 290 30 Июль 2026 09:50
758564082_909390318881176_9056292271565847386_n.jpg
758264620_2872999006387175_776275925420649074_n.jpg
758830763_1353318716313794_1389152386372699814_n.jpg
760503115_967650012993026_7265727660276453202_n.jpg
759849885_1043093961595754_3312671447420553525_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы борбордук стадион ноябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордук стадион 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Анда футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы жана төрт кичи футбол аянтчасы жайгашат.

Ошондой эле ар бир машыгуу талаасынын жанында заманбап кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот.

Мындан тышкары, стадиондун аймагында кесипкөй футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл алууга ылайыкталган 100 орундуу жатакана комплекси курулууда.

Аталган объектини ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.