Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россиянын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду.
Бажы кызматынан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында М.А.А. жана А.М.Б. аттуу жарандар кармалып, алар Москва — Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн алышкан.
Жөнөтмөнү текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдердин арасындагы идиштен кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылып, алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган таблеткалардын курамында MDMA психотроптук заты аныкталган.
Мындан тышкары, 20 түйүнчөк табылган. Учурда алардын курамы аныкталууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган психотроптук затты мыйзамсыз сатуудан түшүшү мүмкүн болгон кирешенин көлөмү 1,3 млн сомдон ашышы мүмкүн.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн эл аралык каналына тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын табууга багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.