Баланын ой жүгүртүүсүн кантип өнүктүрүү керек? Адистин кеңеши

Билим 7 сентябрь 2026 11:45
copyright icon Агартуу министрлиги

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Баланын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн күнүмдүк жашоодо жөнөкөй ыкмаларды колдонууга болот.

Агартуу министрлиги бөлүшкөн видеодо Каракол шаардык билим берүү борборунун студия жетекчиси Нургүл Шарапова баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү, ага суроолорду берүү жана ар кандай тапшырмаларды аткарууга тартуу маанилүү экенин белгилейт.

Адистин айтымында, оюндар жана чыгармачылык көнүгүүлөр да баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берет.