Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча келишимге кол коюлду. Ага эмнелер кирет?

331 12 Февраль 2025 15:07
5285276868175587919.jpg
70151bc2-5ac8-4f79-bae3-9ab47da172bf.jpg
5285276868175587918.jpg
5285276868175587921.jpg
5285276868175587882.jpg
Алдыга
Артка
5285276868175587919.jpg
70151bc2-5ac8-4f79-bae3-9ab47da172bf.jpg
5285276868175587918.jpg
5285276868175587921.jpg
5285276868175587882.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, келишим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, элди сапаттуу ун жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Ошондой эле ал КР министрлер кабинетинин ун чыгаруучу ишканалар үчүн убактылуу жеңилдик берүү боюнча токтомун эске алуу менен, калк үчүн социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтырууга өбөлгө түзөт.

Экономика министри Бакыт Сыдыков кол коюлган келишимди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ун жана нан азыктары негизги азык-түлүк продукциялары экенин, алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди.

Ошондой эле Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти 2024-жылдын аягында министрлер кабинетинин дан жана унга кошумча нарк салыгын (КНС) нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу боюнча токтомунун натыйжалуулугун белгиледи.

Анын айтымында, бул чечим тармакка оң таасирин тийгизип, жергиликтүү ун өндүрүүчүлөргө өлкөнү өз дан продукциясы менен камсыздоого шарт түзөт жана импортко болгон көз карандылыкты азайтат.