Ашууларда чектөөлөр алынды. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

Коом 27 февраль 2025 09:25
Ашууларда  чектөөлөр алынды. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бүгүн ɵлкө аймагындагы стратегиялык унаа жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар. Ошондой эле Арал постуна киргизилген убактылуу чектɵɵ алынды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында каттам бар, жол ачык.

Жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.