Амангелдиев: Иш күнүм эртең менен балдарымды мектепке узатуу менен башталат

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 18:10

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев иш күнү эртең менен балдарын мектепке узатуу менен башталарын айтты. Бул тууралуу Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигинин журналистине билдирди.

Минкаб жетекчисинин биринчи орун басары үй-бүлөгө көңүл бурууга убактысы аз экенин, бирок кечкисин дасторкон үстүндө сөзсүз баарлашуу болорун белгиледи.

“Канча жылдан бери мамлекеттик кызматта жүрөм, менин негизги принцибим, жумушта болгондо жумушту ойлоном, үйдө болгондо бир гана үй-бүлөгө көңүл бөлөм. Эгерде кандайдыр бир чоң зарылчылык болбосо, үйдөгү иш менен алектенем. Эртең менен балдарды тургузуп, мектепке жөнөтөбүз. Андан кийин тамактанып, жумушка келип, иш процессине толук кандуу киришемин. Үй-бүлөгө көңүл бурууга убакыт аз болуп калат. Балдар чоңоюп калды, өздөрү менен өздөрү алек. Кечке чейин колдору бошобойт. Мектептен кийин курстарына барышат. Кечкисин баарыбыз үйгө барганда сөзсүз түрдө дасторкон үстүндө отуруп, баарлашабыз”, - деди Данияр Амангелдиев.