Алайда сүт фермасынын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

Аймак Загрузка... 14 Апрель 2025 09:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат шаарлардын жана райондук борборлордун мурда мыйзамсыз алынган инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон 0,75 гектар жер тилкеси, убагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн сүт-товар фермасынын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.