Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, “Ош” эл аралык аэропортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт.
“Оштогу жаңы аэровокзал комплекси жер төлөсү менен эки кабат болуп курулуп, жалпы аянты 25 443 чарчы метр. Бул Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам”,-деген ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексин куруу үчүн мезгил кутусун салган.